БАТКЕН. Аталган коомдун облустук бөлүмүнөн бүгүн алынган маалыматка караганда, атайын долбоордун кызматкерлери учурда Өзбекстандын Сох анклавынын тегерегиндеги айылдардын калкына, мектеп окуучуларына мина коркунучуна байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жакын арада мина көмүлгөн талааларга атайын көрнөктөр коюлмакчы. Учурда 15 көрнөк даярдалууда. Өзбекстан тарабынан кыргыз-өзбек чек арасына коюлган минадан 1999-жылдан бери 14 жарылуу болуп, андан Баткен облусунун 2 тургуну каза таап, үчөө оор жарадар болгон. Мындан тышкары, эл бир канча мал-мүлкүнөн ажырап, жалпысынан 7 миллион сомго жакын чыгым тарткан.
Кызыл жарым ай коомунун Баткен облустук бөлүмү Өзбекстанга чектеш айылдардын калкына минадан сактануу жолдорун түшүндүрүүдө