Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Чүй облусунун Жайыл жана Кемин райондоруна жаңы акимдер дайындалды


БИШКЕК. Президент А. Акаевдин 27-марттагы жардыгы менен Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчылыгына 45 жаштагы Искендер Мурзалиев дайындалып, ошол эле күнү ишке киришти. Жаңы аким жума күнү райондун чарбаларын кыдырып жакындан таанышып чыкты. Ал буга чейин ушул эле райондогу «Кызыл Октябрь» дыйкан чарба бирикмесинин төрагасы болуп иштеп келген.
Ал эми Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчылыгына Ысыката районунун мурдагы акими Геннадий Давыденко дайындалды. Жайыл районунун жаңы акими дүйшөмбү күнү ишке киришмекчи.

XS
SM
MD
LG