Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Президент А.Акаев чет өлкөлөрдөгү кыргыз улутундагы жарандарга жардам берүү тууралуу жардыкка кол койду


БИШКЕК. Кыргызстан келечекте чет мамлекеттерде жашаган кыргыз улутундагы жарандарды укуктук жактан коргоп, алардын ар тараптуу билим алуусуна көмөк көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурат. Чет мамлекеттердеги улутташтарды колдоого арналган ушундай мазмундагы жардыкка президент А. Акаев 25-мартта кол койгон. Бул тууралуу бүгүн президентин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган жардыкка ылайык кыргыз өкмөтүнө чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздарга билим берүү жаатында жардам берүү планына алымча-кошумчаларды киргизүү, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусия менен билим берүү жаатындагы мамлекеттик келишимдерге кол коюну тездетүү тапшырылган. Жардыкта чет өлкөлөрдөгү кыргыздар көп жашаган аймактарда Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын бөлүмдөрүн ачууну караштыруу, чет мамлекеттерден келген кыргыз улутундагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргызстандагы жогорку жана орто окуу жайларына өтүшүнө артыкчылык берүү зарылдыгы да белгиленген.

XS
SM
MD
LG