Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Мыйзам чыгаруу жыйыны кыймылсыз мүлккө салык киргизүүчү мыйзамды колдоду


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алды. Беш күндүк талкуунун жыйынтыгы менен кабыл алынган бул мыйзамга ылайык Кыргызстандын бардык шаарларындагы, аларга жамаатташ жана курорттук аймактардагы кыймылсыз мүлктөн жыл сайын жергиликтүү салык алынып турат. Шаарлардан, аларга жамаатташ аймактардан жана курорттук аймактардагы ден соолук чыңдоочу мекемелерден бул салык жергиликтүү кеңештердин чечимине ылайык алынат. Аталган салык толугу менен жергиликтүү бийликтин карамагында болот. Беш миң минималдык айлык акыдан кем болбогон баадагы кыймылсыз мүлк үчүн юридикалык тараптардан мүлк наркынын 0,95%, ал эми жеке менчик үйлөрдөн жана квартиралардан мүлк наркынын 0,35% жыл сайын салык катары алынат. Мүлктүн наркын баалоочу органды өкмөт аныктайт. Мүлктү баалоо жана салык жыйноо иштерин бир эле учурда бир органдын аткарышына жол берилбейт. 24-мартта талкуулана баштаган бул мыйзамды добушка катышкан 41 депутаттын 37си колдоп, үчөө каршы добуш берди. Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG