Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

Сербиянын полициясы 2000-жылы дайынсыз жоголуп кеткен мурдагы президент Иван Стамболичтин сөөгү табылганын маалымдады


Өлкөнүн ички иштер министри Душан Михайлович мындан 3 жыл мурун Белградда ал кездеги президент Слободан Милошевичтин карамагындагы атайын полициялык бөлүк тарабынан уурдалып кетип, өмүрү кыйылган сербдердин мурдагы лидери Стамболичтин сөөгү Сербиянын түндүгүндөгү тоолордо жашырылганын билдирди. Андан сырткары серб министри ушул айдын башында өлкөнүн премьер-министри Зоран Жинжичти өлтүрүп кеткен деп шектелген кылмыштуу топтун эки жетекчиси полициянын огунан жантаслим болушканын кабарлады. Маалыматка караганда, кылмыштуу "Земун" бандасынын лидерлери Душан Спасоевич менен Миле Лукович Белграддагы райондордун биринде камакка алынарда каршылык көрсөткүндүктөн, полиция аларга каршы ок ачууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG