"Биз баштагыдай эле Ирактагы аскерий операцияларды дароо токтотуу – бирден бир туура чечим болмок деп эсептейбиз жана бул кризисти Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин алкагында саясий жолдор аркылуу жайгаштырууну жактайбыз", - деди орус президенти. Бул көз карашын Путин бүгүн Орусиянын парламент мүчөлөрүнө билдирди.
Орусиянын президенти В.Путин Ирактагы коогалаңды - "кансыз согуш" аяктагандан берки эң олуттуу кризис деп атады