Тегеранда өкмөттүн колдоосу алдында уюшулган Ирактагы согушка жана Саддам Хусейнге каршы демонстрацияга он миңдеген адамдар катышышты. Согуш башталгандан бери Иранда алгачкы ирет өтүп жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары: "Америкага өлүм!", "Саддамга өлүм!" деп кыйкырып, Тегерандагы британ элчилигинин терезелерин талкалап, күзөт жайын ташбаранга алышты. Эртең менен Бангладештин борбору Дахада, Индонезиянын борбору Жакарта жана башка бир катар шаарларында, Филиппиндин башкалаасы Манилада, Түштүк Корея, Пакистан, Камбоджада Ирактагы согушка каршы тынч өткөн жөө жүрүш, демонстрацияларга миңдеген кишилер катышышты, Стамбулда чогулган 5000дей демонстрант АКШ, Британия, Испаниянын желектерин өрттөштү. Иорданиянын башкы шаары Амманда 3000дей, Египеттин борбору Каирде 15 миңге чукул, палестиндердин алты шаарында Ирактагы согушка каршы акцияларга бардыгы 50000дей киши чыкты.