Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Иракта Нeжeф калаасынын жанында салгылаштар уланып, Багдаддагы аскерий жана байланыш мекемелери бомбаланды


Кошмо Штаттардын согуштук авиациясы бүгүн Багдаддагы аскерий жана байланыш мекемелерин бутага алып, аларга ракеталар менен оор бомбаларды жаадырды. Коалициялык күчтөр Ирактын борбордук бөлүгүндөгү Нeжeф шаарынын тегерегинде Ирак армиясы менен салгылашууда. "Азаттыктын" кабарчысы майдандан маалымдагандай, Нeжeф жана Карбала калааларынын ортосунда бараткан Ирактын 30дай танкы ракеталык чабуулга туш болду. Ирактын маалымат министри Сайид ас-Сахаф: "Нeжeфтин жанында 26 адам набыт болду, бирок ирактык аскерлер өткөн түнкү урушта америкалык күчтөрдүн мизин кайтарышты", - деп билдирди. Учурда АКШлык жөө аскерлердин командири, генерал Винсент Брукс ал салгылашта америкалык 5-корпус жеңишке жеткенин айтат: "5-корпус жөө аскерлердин колдоосу алдында эн-Нeжeфтин алдындагы урушта каршылаш тарапты жеңди, азыр эми жаңы операцияларга катышууда", - дейт генерал Брукс. Вашингтон Перси булуңуна дагы 100 миңден ашуун аскер жөнөтүү чечимин жарыялады. Британ аскерлеринин өкүлү бир нече күндөн бери согуш оту токтобогон Басрадан жүздөгөн кишилер качып чыкмай болгондо, ирактык жоокерлер алардын жолун тозуп, ок жаадырганын айтат. Түндүктө Саддамдын бийлигине каршы көтөрүлгөн күрт козголоңчулары Киркук шаарын көздөй келатышканы кабарланды. Ирактын маалымат министри кечээтен берки бомбалоодон Ирактын 75 жараны шейит болуп, 290 киши жараат алганын билдирди.

XS
SM
MD
LG