Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Камакта жаткан саясатчыларга казак президенти мунапыз берүүгө ниеттенүүдө


Казакстандын оппозициясы президент Нурсултан Назарбаевдин акыркы сунушун катуу сынга алууда. Вице-премьер-министр Бауржан Мухамеджанов 28-мартта өткөн жыйында эгер соттолгон оппозициялык саясатчылар Мухтар Аблязов жана Галимжан Жакиянов күнөөлөрүн мойнуна алса, Назарбаев аларды кечирип, боштондукка чыгарышы мүмкүн деп жарыялады. Коммунисттик партиянын жетекчиси Серикболсын Абдилдин каршылык иретинде жыйындан чыгып кетти. Башка оппозициялык саясатчылардын айтымында, Аблязов менен Жакиянов эч кылмыш жасаган эмес, ошондуктан аларга мунапыз берем деген күлкү гана келтирет.

XS
SM
MD
LG