28-мартта дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндө Ирактагы согушка каршы митинг-демонстрациялар болуп өттү. Палестинанын кеминде алты шаарында митинг болуп, аларга 50 миңдей адам чогулду. Мисирдин борбору Каир шаарынын көчөлөрүнөн 15 миңге жакын адам өттү. Тегеран шаарында дагы он миңдеген адам митинг өткөрдү жана алардын жүзгө жакыны Улуу Британиянын элчилигине келип, анын имаратын таш баранга алды. Беш миңге жакын адам Ыстамбул шаарында чогулуп, АКШ, Улуу Британия жана Израилдин желектерин өрттөдү. Йорданиянын борбору Амман шаарындагы демонстрацияга үч миң адам чыкты, бирок полиция аларды Израилдин элчилигине өткөргөн жок. Ири митингдер Бангладеш, Болгария, Индонезия, Камбоджа, Пакистан, Түштүк Корея жана Филиппинде да болду.