Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:10

АКШнын айтымында, Ирак кошуна Сириядан аскерий жардам алып жатат


АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, Ирак кошуна Сириядан аскерий жардам алууда: "Биздин маалымат боюнча, Ирак-Сирия чек арасынан бир топ аскерий жүк өткөн, анын арасында – түнүчүндө көрүүчү аспаптар да болгон. Мындай аракеттер коалициялык күчтөргө коркунуч түзүүдө жана биз аларды кастык аракет деп эсептейбиз, ошондуктан Сирия өкмөтү ага жооп берүүгө тийиш". Сириянын тышкы иштер министрлиги болсо, Рамсфелддин айткандарын жокко чыгарып, АКШ аны менен өз кылмыштарын жашырууну көздөөдө деп билдирди.

XS
SM
MD
LG