Жалалабад облустук экология жана чукул кырдаалдар башкармасы бүгүн эртең мененки саат 10до Жалалабад – Бишкек жолу Токтогул районундагы Арал айылынан Чүй облусунун Сосновка кыштагына чейинки жол жабылгандыгын маалымдады. Аталган аймакка 36806 аскер бөлүгүнүн замбиреги тиешелүү курамдагы жоокерлери менен жеткирилди. Замбирек менен тоо кыркаларындагы калың кар чокулары атылмакчы. Жолду кар көчкүсүнөн ДЭП- 22 ишканасынын жолчулары тазалайт.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев
Редактор – Бекташ Шамшиев.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев
Редактор – Бекташ Шамшиев.