Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2002-жылдын 24-июнунда Пекинде кол коюлган «Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана ынтымактуу кошуналык тууралуу» келишимди ратификациялады. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун депутаттарга берген маалыматына караганда, аталган документ келечекте эки өлкөнүн кеңири тармактар боюнча кызматташуусуна негиз болот. Кытай-Кыргызстан мамилелерин жаңы баскычка көтөрөт. Ошондой эле Мыйзам чыгаруу жыйыны жума күнкү отурумунда «Өзөктүк куралдарды иштеп чыгаруу, жана колдонууга каршы» эларалык конвенцияны ратификациялашты.