Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Кытайда 10 жыл түрмөдө отуруп чыккан тибеттик динаятчы аял АКШга барды


Тибеттин көз карандысыздыгы үчүн кыймылдарга катышкан деген кине боюнча соттолгон Нгаванг Сангдрол айым Кытай бийликтеринен дарылануу максатында Америкага барууга уруксат алган. 26 жаштагы тибеттик бутпарас динзары мындан 10 жыл илгери контрреволюциялык ишмердиги, компартияга каршы үгүт-насаат жүргүзгөн үчүн эркинен ажыратылып, былтыр октябрь айында азаттыкка чыккан. Укук коргоочулар Сангдролдун Америкага барышы – апрель айына белгиленген АКШнын вице-президенти Дик Чейнинин Бээжиндеги сапарынын алдында кытай бийликтери жасаган саясий кадам деген пикирлеринин айтышат.

XS
SM
MD
LG