БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстанга көмөк көрсөтүү боюнча Улуттар уюмунун миссиясынын кызматын дагы бир жылга узартты. Улуттар Уюмунун Ооганстандын өткөөл өкмөтүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында уюшулган миссиясы былтыр 28-мартта ишке киришкен. Ишембиде ооган өкмөтү билдиргендей, Кошмо Штаттардын аскерий учактары Ооганстандын түштүгүндө талибдер жашырынган шектүү аймактарды бомбалашты. Кандагар шаардык полициясынын өкүлү Сафиулла аба соккулары Кандагардан 70 чакырымдай алыстыктагы тоолуу жерлерди бутага алганын айтат. Ошол жерде жүздөй талиб жоокери жашырынган деген маалыматтан улам ооган өкмөтү ал аймакка 600дөй аскерин жөнөткөн.
Американын аскерий учактары Ооганстандын түштүгүндө талибдер жашырынышы мүмкүн деп шектелген аймакты бомбалашты