Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

ТҮРКИЯЛЫК УЧАКТЫ АЛА КАЧКАН ЖИГИТ ГРЕКИЯДА КАРМАЛДЫ


Грекиялык доктурлардын айтымында, түркиялык учакты барымталап ала качкан жигиттин акылы кем. Өзгүр Генчаслан аттуу жигит 28-март күнү кечинде - Ыстамбул шаарынан Анкараны көздөй учуп чыккан учакты барымтага алып, аны Грекиянын борбору Афин шаарына кондурган. Кошумча май куюп алып, учакты Алманияга алып кетүү мүмкүн болбой калганда, ал барымтага алынгандарды бошотуп, өзү да полицияга багынып берген. Анын жанында эч курал табылган жок. Учакта 194 жүргүнчү жана 9 учкуч болгон жана Анкара Генчасланды Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG