Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:58

ИЗРАИЛ АСКЕРЛЕРИ ПАЛЕСТИНАДА 17-ЖАШАР ЖИГИТТИ АТЫП ӨЛТҮРДҮ


Палестинадагы Йордан дарыясынын батыш жээгинде 29-мартта арабдар менен Израил полициясы ортосунда кагылышуу орун алып, бир жаш жигит курман болду. Израилдик күзөт машинесин эл курчап алып, ага таш ыргытканда, аскерлер ок атып, 17 жашар жигитти өлтүрдү. Дагы бир адам жарадар болду. Израилдин тышкы иштер министрлигинин айтымында, жөөт өкмөтү Палестина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга кызыкдар. Сүйлөшүүлөр Палестин автономиясынын жаңы премьер-министри Махмуд Аббас өкмөт курап бүтөөрү менен башталышы мүмкүн. АКШ тарабынан даярдаган жаңы план боюнча, 2005-жылга чейин эгемендүү Палестина мамлекети түзүлүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG