Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

ТҮРКИЯ КОШУНА ИРАКТЫН ТҮНДҮК АЙМАКТАРЫНА КОШУМЧА АСКЕР КИРГИЗИШИ МҮМКҮН


Түркия жетекчилигинин айтымында, эгер коопсуздук чаралары талап кылса, кошуна Ирактын түндүк аймактарына кошумча аскер киргизилет. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган 29-мартта парламентте чыгып сүйлөп, Түркия АКШнын эскертүүлөрүн көңүлгө алат, бирок керек болсо өз ыктыяры менен да аракеттене алат деп билдирди. Ирактын түндүгүндө негизинен күрддөр жашайт жана алар Саддам Хусейндин режимине каршы көтөрүлүш баштаса, ал Түркиянын күрддөрүнүн арасында да тарашы мүмкүн деп Анкара өтө чочулайт. АКШнын атайын өкүлү Залмай Хализад 29-март күнү Түркиянын тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугуп, Түндүк Иракка башка аскер жибербөөнү суранды.

XS
SM
MD
LG