Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

ИРАКТЫН АБАДАН КОРГОНУУ КҮЧТӨРҮНҮН БАШЧЫСЫ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ


Ирактын мамлекеттик сыналгысы 29-март күнү кечинде президент Саддам Хусейнди көрсөттү. Ал өкмөт министрлери жана өзүнүн жардамчылары менен жолукту, бирок эч нерсе деп сүйлөгөн жок. Алып баруучунун айтымында, программа 29-мартта тартылып алынган, бирок кээ бир батыш эксперттеринин айтымында, бул - бир топ мурда тартылып алынган сүрөт болушу ыктымал. Согуш башталгандан бери Хусейн сыналгы аркылуу бир нече жолу көрсөтүлгөн, бирок кээ бир байкоочулар анын тирүү экенинен күмөн санайт. Британиянын чалгындоо кызматынын айтымында, Ирактын абадан коргонуу күчтөрүнүн башчысы кызматынан алынды, бирок Багдад ал маалыматты ырастай элек.

XS
SM
MD
LG