Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

АМЕРИКАЛЫК ГЕНЕРАЛДАРДЫН АЙТЫМЫНДА, ИРАККА КАРШЫ ЧАБУУЛ БАСАҢДАГАН ЖОК


Ирактагы согуш уланууда жана 29-март күнү кечинде америкалык тик учмалардын чабуулунан Ирактын Республикалык гвардиясынын кеминде 50 жоокери, ал эми Басра шаарынын алдында эки жүздөй куралчан ирактык курман болду. Багдад жана башка шаарлар коалициялык күчтөр тарабынан катуу бомбаланууда. Америкалык генерал Виктор Ренуардын айтымында, коалициянын чабуулу басаңдаган жок: "Биздин оорук күчтөрүбүзгө бир нече чабуул жасалганына карабай, биздин согуш аракеттерибиз уланууда жана аскерлерди азык-түлүк менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жок. Оорук күчтөрүн коргоону да биз улантып жатабыз. Ирактын чабуулдар азаюуда жана алар бизге өтө деле зыян тийгизген жок". Нажаф шаарынын алдында болсо, бир ирактык жаран америкалык аскерлердин жанына машине менен барып, өзүн өзү жардыргандан төрт солдат курман болду. Америкалык генерал Стэнли Маккристал аны террорчулук деп атады.

XS
SM
MD
LG