Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:08

Медицинада смарт-карталар колдонууга киргизилет

БИШКЕК. Кыргызстанда жарандарга медициналык кызмат көрсөтүүдө электрондук карточкаларды колдонуу боюнча үлгү долбоор ишке киргизилет. Ага арналган республикалык конференция Бишкекте 1-апрелде болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ишемби күнү кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, смарт-карталар адегенде медициналык камсыздандыруу системасына киргизилет. Тажрыйба топтолгондон кийин ал кеңири колдонууга өткөрүлөт. Оорукчан адам бейтапканага кайрылганда дарты, берилген дарылары, анализдери смарт-карталарга жазылып берилет жана ал ооруканага жатса дарыгер аны смарт-картада жазылган маалыматтардын негизинде дарылай баштайт. Долбоор «Евразия» фондунун жана АКШнын ЮСАИД агенттигин жардамы менен ишке ашырылат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган – Бүбүкан Досалиева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов
​
XS
SM
MD
LG