Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Оппозициялык кыймыл үгүт иштерин баштайт


БИШКЕК. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы 1-апрелден баштап Кыргызстандын бардык аймактарына үгүтчүлөрүн жөнөтөт. Мындай маалымат бүгүн кыймылдын төрагасы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдон алынды. Анын маалыматына караганда, үгүтчүлөр июль айында, Өзгөн районунун Мырзаке айылында боло турган Үчүнчү элдик курултайдын экинчи баскычынын максат-милдеттери тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кыймылдын аракети жөнүндө кеңири маалымат беришет. Үгүтчүлөрдүн курамына кыймылга кирген саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү киргизилди. Кыймыл мындан тышкары апрель айынын башында бийликтин, бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн «тегерек стол» жыйынын өткөрөт. «Биз жөнүндө эл арасында «реакциячыл радикалдар» деген түшүнүк бар же «көчө демократтары» дешет. «Биздин мындай максаттарыбыз бар, мыйзам жолу менен эле мына мындай иш жасоону каалайбыз» деп, Бишкектеги бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар менен талкуулап, өзүбүздү кененирээк түшүндүрүп берели деп жатабыз» -деди Азимбек Бекназаров.

XS
SM
MD
LG