БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөл облусунун Каракол шаарында «Конституциянын жаңы редакциясына ылайык өткөрүлө турган мажоритардык шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү жана мамлекеттин ролу» деген темада коомдук угуу болду. Ал «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен «Активдүү жаран» аттуу программанын алкагында өткөрүлдү. Угууга Ысыккөл облус губернаторунун биринчи орун басары Орозбек Бектуров, шаардык, райондук шайлоо комиссияларынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев, «Арнамыс» партиясынын штаб жетекчиси Эмил Алиев, «КДК» партия төрагасынын орун басары Жыпар Жекшеев катышты. Коомдук угуу Конституциянын жаңы редакциясына ылайык шайлоо системасына киргизиле турган жаңы нормаларды талкуулоо, шайлоого жарандардын толук кандуу катышуусун камсыз кылуучу жана демократияны өркүндөтүүгө зарыл негиздерди иштеп чыгуу максатын көздөдү.