Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Адамдардын дем алуу органдарын жабырлантуучу вирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 1,5 миңге жетип калды


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебине караганда,дарыгерлердин тили менен айтканда кыскача "SARS"деп аталган жаңы дарттын айынан 53 адам, көбүнесе Азия өлкөлөрүнүн тургундары көз жумган. АКШда бул дартка 60тан ашуун, Канадада 100дөй киши чалдыкты. Гонконгдо адамдын дем алуу органдарын жабырлантуучу вирусту жуктуруп алгандардын саны 530га жетип калды, оорууга чалдыккандардын 13ү каза тапкан. Ал эми Тайвань бүгүн өлкөгө сырттан келгендердин баары өзүнүн саламаттыгы боюнча атайын анкеталарды толтуруп, тапшырууга милдеттүү экенин жарыялады. Антпесе, алар өлкөдөн чыгарылат.

XS
SM
MD
LG