Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Грузиянын президенти өлкөнүн энергосистемасындагы жарылууну "саботаж" деп атады


Эдуард Шевернадзенин айтымында, бул - бандиттик топтор тарабынан жасалган террордук акт. Кечээ эртең менен жогорку чыңалуудагы электр кубатын өткөрүүчү "Кавкасиони" линиясында болгон жарылуудан өлкө аймагынын басымдуу бөлүгү, анын ичинде Тбилиси шаары электр жарыгысыз калган. Электр кубатынын жетишсиздигинен улам Тбилисиде калкты таза суу менен камсыздоо иши да үзгүлтүккө учурады. Жарылуу болгон линия аркылуу Грузия электр энергиясын Орусиядан алат.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG