Буга чейин Түркиянын алты жараны өз өлкөсүнө өткөрүлүп берилди. Түркмөнстандын Ички иштер министрлиги өз жарандарын өткөрүп алып, жоопко тартуу сунушу менен АКШга жана Орусияга кайрылган. АКШнын жана Орусиянын расмий өкүлдөрү түркмөн тараптын сунушун иликтеп жатканын билдиришүүдө. Камалгандардын арасында АКШнын бир, Орусиянын беш жараны бар эле. Түркмөн оппозициясынын өкүлдөрү менен укук коргоочулардын пикиринде, кол салуу аракети - прездент С.Ниязовдун оппоненттерин биротоло талкалоо максатында атайы жасалган иш.
Түркмөнстан президент Сапармурад Ниязовго кол салууга аракеттенгени үчүн кармалган чет элдиктерди өз өлкөсүнө өткөрүп берет