Кечээ ракета менен жана минеметтон АКШ аскерлеринин Ооганстандын чыгышындагы Пактия провинциясында жайгашкан базасы, түндүктөн Гардез провинциясындагы көзмөл бекети аткыланган. Бирок эч ким жабыр тарткан жок. Ошол замат абага көтөрүлгөн аскерий учактар кол салгандардын изин кууп, алардын экөөсүн мерт кылды. Ал эми Кабулда ракеталык чабуулга эл аралык бейпилидик күчтөрдүн кеңсеси жана аскерлерди машыктуруучу борбор биринен соң бири кабылган. Имараттардын бирине зыян келгени менен бул жерден да эч ким жабыр тартпады. Ооган бийликтеринин пикиринде, соңку окуялар – талиптердин, ал-каидачылардын же жергиликтүү колбашчы Гүлбеддин Хекметьярдын согушкерлеринин колунан келген иш.Бүгүн Ооганстандын бийликтери мурдагы Талибан өкмөтүндө соода министри болуп иштеген молдо Абдул Разак жана соңку үч күндүн ичинде талиптердин башка 80дей өкүлү камакка алынганын билдиришти.