Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Европа Биримдиги алгачкы бейпилдик миссиясын Македониядан баштады


27 өлкөндөн чогулган 300дөй аскер кызматчысы Македониядагы бейпилдик миссиясын НАТО уюмунан өткөрүп алды. Аларды француз генералы жетектейт. Буга байланыштуу Скопьеде болгон салтанатка НАТОнун башкатчысы Жорж Робертсон, Европа Биримдигинин тышкы саясатты тейлеген комиссары Хавьер Солана катышты. НАТОнун бейпилдик күчтөрү Македонияга 2001-жылы өкмөттүк аскерлер менен албан козголоңчулары кагылышкандан кийин киргизилген. Мындан мурдараак Европа Биримдиги Боснияда БУУнун аскер кызматчыларынан полициянын милдеттерин өткөрүп алган болчу.

XS
SM
MD
LG