Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк программасы билдирди. Уюмдун аткаруучу директору Жеймс Морристин айтымында, алар жакында ирактыктардын баарын камсыздоого жете тургандай азык-түлүккө ээ болот. Еврокомиссия өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, эң оор кырдаал Басра шаарында орун алууда. Бул жердин тургундарына азык-түлүк гана эмес ичүүчү суу жетишпей жатат. Өткөн аптада Британиянын кемеси Умм–Каср портуна ирактыктарга багытталган гуманитардык жардамдын алгачкы бөлүгүн жеткирген.