Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Иракта уруштар уланууда, Багдад бомбаланды


Бүгүнкү аба чабуулунда бутага Ирактын маалымат министрлигинин имараты жана президенттик сарайлардын бири алынды. Ракета–бомбалык сокку Республикалык Гвардиянын Багдаддын чет жакаларындагы турумдарына да урулууда. Маалымат министрлигинин имаратына жасалган аба чабуулунан улам, Ирактын теле көрсөтүүсүнүн обого чыгуусу төрт саатча үзгүлтүккө учурады. Ал эми жердеги уруштардын бири Багдаддан 70 чакырымча түштүктө жайгашкан Эл-Хиндия шаарында жүрүп жатат. Уруштар түштүктөгү Нажаф шаарында да уланууда. Америкалык тараптын айтымында, алар шаарды толук курчоого алды. Британ күчтөрү болсо Басра шаарын ээлөө үчүн чабуулун артиллериянын колдоосу астында улантып жатат. Бүгүн Ирактагы аскерий операциянын командачысы генерал Томми Фрэнкс Катардан АКШ аскерлеринин Кувейттеги базасына келди. АКШ армиясынын генералы Винсент Брукс коалициялык күчтөрдүн Катардагы кеңсесинде өткөн басма сөз жыйынында билдиргенине караганда, карапайым ирактыктар президент Саддам Хусейндин режими кулатылышын кубаттайт. Британ коргоо министри Жефф Хун азырынча Ирактын даражасы өтө жогору саясатчылары менен аскер кызматчыларынын бири да коалициянын тарабына өтпөгөнүн моюнга алды. Анын айтымында, согушта туткундалган же багынып берген ирактыктардын саны 8 миңдей.

XS
SM
MD
LG