КАРАКОЛ. Акыйкатчынын облустагы өкүлү болуп техника илимдеринин доктору, профессор, буга чейин облустук мамлекеттик администрациянын алдындагы Эл аралык байланыш, чет элдик инвестицияларды тартуу жана маалыматтык технологиялар борборунун директору болуп иштеп келген Эркинбек Абдылдаев дайындалды. Эркинбек Абдылдаевдын айтымында, Акыйкатчынын облустагы өкүлү болуу оңойго турган жок, ага облустан 25тен ашуун талапкерлер менен атаандашууга туура келди. Сынактык негизде өткөн атаандашуунун жыйынтыгы менен ал жаңы кызмат орунду аркалоо жоопкерчилигин мойнуна алды. Учурда Акыйкатчынын толук кандуу иш алпарышы үчүн бардык шарты бар жай табуу жана кызматкерлерди тандоо иштери жүрүп жатат.