БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасына кол коюлду. Кыргызстан тараптан ага тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева, Орусия тараптан бул мамлекеттин Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин кол койду. Тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун айтымында, мындай программага жыл сайын кол коюлат жана бул эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөш экендигин билдирип турат. Программага ылайык эки тарап тышкы саясатта, анын ичинде эл аралык жана регионалдык уюмдар менен кызматташууда өнөктөш болмокчу.
Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө программага кол коюлду