Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Өлкөнүн энергетика тармагында мүчүлүштүктөр көп


БИШКЕК. Кыргызстандын энергетика тармагы өткөн жылы өндүргөн продукциясынын 36% жоготкон. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков бүгүн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, өткөн жылы электр энергиясын өндүрүү боюнча белгиленген план 94% гана аткарылып, экспорттун көлөмү 2001-жылга салыштырмалуу 2 эсе төмөндөгөн. Электр бөлүштүрүү тармактарынын дебитордук карызы 2 миллиард сомдон ашып кеткен. Электр өндүрүүчү ишканалар ичинен былтыркы жылды «Түндүкэлектро» жана «Ошэлектро» чыгаша менен аякташкан. Коопсуздук Кеңешинде ушундан улам «Түндүкэлектро» компаниясын менчиктештирүү же убактылуу башкарууга өткөрүү зарылдыгы белгиленди.

XS
SM
MD
LG