Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Кыргызстанда пенсиянын көлөмү жогорулады


БИШКЕК. 1-апрелден тартып Кыргызстанда пенсиянын көлөмү 5%тен 15%ке чейин жогорулады. Ага негиз берген жардыкка президент А. Акаев 28-мартта кол койгондугун дүйшөмбүдө Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Орозмат Абдыкалыков билдирди. Анын маалыматына караганда, буга чейин айына 400 сомдон пенсия алгандардын пенсиясы 15%, 600 сомдон алгандардыкы 12%, 700 сомдон алгандардыкы 10%, 800 сом алгандардыкы 8%, андан көп алгандардыкы 5% чейин көбөйтүлдү. Муну менен пенсиянын жалпы көлөмү 603 сомдон 659 сомго жогорулады. Кыргызстанда 516 миң пенсионер бар. Жаңы көлөмдөгү пенсияны төлөш үчүн эми айына орто эсеп менен 29 миллион сом керек болот.

XS
SM
MD
LG