БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Президент Аскар Акаевдин төрагалыгы астында өткөн жыйында коррупцияга каршы күрөш жана энергетика тармагын өнүктүрүү маселелери каралды. Биринчи маселе боюнча премьер-министр Николай Танаев доклад жасап, башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, финансы министри Болот Абилдаев, ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов маалымат беришти. Жыйында президент Аскар Акаев: «Коррупция экономикалык жоготууларга гана кириптер кылбастан, мамлекеттик системаны бузуп жаткандыгы менен абдан коркунучтуу», - деп билдирди. Мамлекет башчысы коррупция өнүгүүнү аксатып, турмушту начарлатып, саясатка жана демократияга коркунуч жаратып, адеп-ахлактык деградацияга дуушар кылып жаткандыгын жана ага каршы кескин чара көрүү керектигин белгиледи. Жарыш сөздөрдөн кийин Коопсуздук Кеңеши коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук стратегияны кабыл алды. Стратегияны ишке ашырыш үчүн мамлекеттик бюджетти ак ниет башкаруу боюнча улуттук кеңеш түзүлдү. Андан тышкары коррупцияга каршы күрөшүүчү агенттик, ошондой эле коррупциянын көрсөткүчтөрүн иликтеп туруп, тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуучу бирдиктүү борбор түзүлмөй болду.