Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

АКШ: Борбор Азияда ондогон жылдар калыптанган саясый маданият бир түндө өзгөрүп калбайт


АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугу боюнча жылдык докладын жарыялады. Бул докладда 2002-жылы адам укуктары жана демократия Балкан өлкөлөрү менен Евразияда бир аз алга жылды, бирок мурдакы советтик республикаларда жана Иранда, Иракта жана Түндүк Кореяда түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болууда деп айтылат.
Босния-Герцеговинада жана Македонияда шайлоо өнөктүктөрү тынч өткөнү оң бааланат жана Бахрейн, Марокко сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө демократиялык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деп көрсөтүлөт.
Борбор Азиянын 5 өлкөсүндө адам укугу жаатында айрым оң жылыштар болгону менен, абал жаман бойдон калууда.
Мамлекеттик катчынын жардамчысы Лорн Крэнердин сөзүнчө, Борбор Азияда 2002-жылга салыштырмалуу адам укугу жана демократияга байланыштуу долбоорлор 200 проценттен 400 процентке чейин көбөйгөн.
Крэнер бирок Америкага жаңыдан союздаш болгон өлкөлөрдө абал өтө жай өзгөрүүдө деп билдирди:
- Ондогон жылдар бою калыптанган советтик стилдеги саясый маданият бир түндө өзгөрүп кетпейт. Адам укугу жөнүндөгү докладдын бул чыгарылышында Борбор Азиянын бардык беш өлкөсүндө адам укугун урматтоо өтө начар абалда экени белгиленет.
Докладда адам укугунун абалы өзгөчө Түркмөнстанда өтө жаман абалда деп көрсөтүлсө, Өзбекстанда бийликтин саясый оппонентерин куугунтуктоосу жана саясый туткундарды уруп - сабоо кеңири жайылган көрүнүш экени айтылат.
Мамлекеттик департаменттин жылдык доклады дүйнөдөгү адам укугу өтө начар абалдагы өлкө катары Иракты атаган.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG