Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:54

Мурдакы вице-премьер Л. Козаченко өзүн «саясый оюндун» курмандыгы деп эсептейт


Салык төлөбөдү жана бийлик укугун натуура колдонду деген күнөө менен өткөн жумада камакка алынган Украинанын мурдакы вице-премьер-министри Леонид Козаченко өзүн “саясый оюндун курмандыгы” деп санайт.
Козаченконун ИНТЕРФАКС агенттигине айтышынча, президент Леонид Кучманын администрациясы “айыл чарба тармагын башкарууну” өз колуна алуу үчүн, аны абакка салган.
Сот органдарынын билдиришинче, Козаченконун жаңылыштыгы Украинага 262 миллион доллар чыгыша алып келген жана ал 103 229 евро өлчөмүндөгү салыкты төлөбөй койгон.
Козаченко былтыр ноябрда беш ай вице-премьерлик кылгандан кийин кызматынан бошотулган.

XS
SM
MD
LG