БИШКЕК. Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде «Чайнек» деп аталган эл аралык көргөзмө-конкурс уюштурулду. Ага Алматы, Караганды, Ташкен жана Новосибирск шаарларынан келген архитекторлордун, дизайнчылардын, сүрөтчүлөрдүн чыгармалары коюлду. Көргөзмөнүн негизги максаты сатиралык, юмордук көз караш менен турмуштагы көйгөйлүү маселелерди чагылдыруу болду. Ушундай маанайдагы сүрөт көргөзмөсү Бишкектеги Сүрөтчүлөр үйүндө «Чогойно» деген ат менен ачылып, анда кыргызстандык 8 сүрөтчүнүн иштери коюлду. «Күлкү күнүнө» карата уюштурулган көргөзмөдө Ирактагы согушту чагылдырган кейиштүү чыгармалар да бар.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов