БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Бишкектин райондук акимдерин алмаштырып дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. Ага ылайык Ленин районунун акими Анатолий Олейниченко башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу бошотулуп, анын ордуна буга чейин Свердлов районунун акими болуп иштеген Бакыт Какеев дайындалды. Свердлов районунун башчылыгына Юрий Шкуропатов дайындалды. Октябрь районунун акими Болот Алымкулов да башка кызматка кеткендигине байланыштуу бошотулуп, анын ордуна Марат Жаманбаев дайындалды. Президенттин дагы бир буйругу менен буга чейин Нарын облусунун Кочкор районун жетектеп келген Тариел Айтбаев Жумгал районунун, Тургунбай Анаркулов Жалалабад облусунун Ноокен районунун, Мурат Саралинов Чүй облусунун Ысыката районунун башчылыгына дайындалышты.