Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Ысыккөл облусунун регионалдык өнүктүрүү долбоорунун бет ачаар аземи өткөрүлдү


КАРАКОЛ. Бүгүн Европа Биримдигинин финансылык жардамы менен Ысыккөл облусунун регионалдык өнүктүрүү долбоорунун бет ачаар аземи өткөрүлдү. Бул иш-чарага «ТАСИС» программасынын алкагындагы Ысыккөл облусунун регионалдык өнүктүрүү программасынын жетекчиси Эндрио Рид, ошондой эле бул программанын Алматы шаарындагы өкүлдөрү, президенттик администрациясынын алдындагы экономикалык саясат боюнча департаменттин башчысы Каныметов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Аземде айтылгандарга караганда, Ысыккөл облустук регионалдык өнүктүрүү программасынын негизги максаты - чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризмди эл аралык сапатка жеткирүү аркылуу жумушчу орундарын толуктоо, жакырчылыкты жоюу болот.

XS
SM
MD
LG