Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Талас облусунда богок дарты менен ооруган адамдар көбөйүп баратат


ТАЛАС. Облустук санэпидстанциянын адистеринин ырастоосуна караганда, эл арасында богок оорусунун көбөйүшүнө йоддолбогон туздун Казакстандан Таласка аткезчилик жол менен келип жатышы таасир этүүдө. Тузду ушундай ыкма менен алып өтүүгө метрология, стандартташтыруу жана бажы кызматтары мүмкүнчүлүк берип жатышат. Жашоо деңгээлинин төмөндүгүнөн элеттиктер тузду арзан баада сатып алып, тамакка пайдаланууга мажбур болушат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда, богок менен ооругандар Талас жана Бакайата райондорунда көбөйүп кеткен. Ал эми облус боюнча бул илдетке 12305 адам чалдыккандыгын облустук санэпидстанциядан 1-апрель күнү ырасташты.

XS
SM
MD
LG