Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:35

Кадамжай сурьма комбинаты өз ишин убактылуу токтотту


БИШКЕК. Кыргызстандын түштүгүндөгү Кадамжай сурьма комбинаты сурьма концентратынын жоктугуна байланыштуу өз ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу бүгүнкү өткөн өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев билдирип, ишти тезинен жөнгө салууну Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетке, Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине жана башка тиешелүү мекемелердин жетекчилерине тапшырды. Өкмөт башчысынын маалыматына караганда, комбинатты мындай чийкизат менен СССР доорунан бери камсыз кылып келаткан Тажикстан сурьма концентратын кымбат баада Кытайга сатып, Кыргызстанга берүүдөн баш тарткан. Аны Орусиянын Саха Республикасынан алуу боюнча сүйлөшүүлөр Кыргызстандын жогору даражалуу кызмат адамынын орусиялык тарап менен тил табыша албагандыгынан улам токтоп калган. Николай Танаев Тажикстандан чийкизат алуу боюнча бул өлкөнүн өкмөт башчысы менен сүйлөшөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG