Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Президент жалпы тест сынагын өткөрүү тууралуу жардыкка кол койду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Кыргызстандын жогорку окуу жайларына жалпы тест сынагы аркылуу студенттерди кабыл алуу жана мамлекеттик билим берүү гранттарын ыйгаруу жөнүндө жардыкка кол койду. Ага ылайык студенттерди жогорку окуу жайларында мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен окутуу жөнүндөгү жана абитуриенттерди жалпы тест сынагынан өткөрүү жөнүндөгү жоболор бекитилди. Андан тышкары жардыкта быйыл тест сынагын АКШнын ЮСАИД агенттигинин көмөгү менен Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңеш өткөрөөрү айтылган. Мындай маалымат бүгүн президенттин басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG