БИШКЕК. 8-апрелде Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын XV кезексиз сессиясы болот. Мындай маалымат бүгүн палатанын басма сөз кызматынан алынды. Ал маалыматка караганда, сессиянын күн тартибиндеги негизги маселе - кыймылсыз мүлккө салык киргизе турган «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга макулдук берүү болот. Аны Мыйзам чыгаруу жыйыны 28-мартта кабыл алган. Мындан тышкары депутаттар Бишкектин мэри Медетбек Керимкулов менен айыл, суу чарба жана кайри иштетүү министри Александр Костюктун алар жетектеген мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматын угушат.