Жаңы кылмыш кодекси кабыл алынды, судьялар кыйла көз карандысыз боло баштады. Ошол эле учурда АКШнын мамлекеттик департаменти россиялык коопсуздук кызматтарынын, айрыкча ички иштер министрлигине караган күчтөрдүн зобун-зомбулугу токтотула элек деп эсептейт. Айрыкча Чеченстандагы жагдай терс мааниде бааланган. Орус аскерлери, чечен сепаратисттери бирдей өлчөмдө сот-мотсуз эле өкүмзордук иштерин улантып жатышат. Саясий мүдөөдөн улам карабашыл адамдарды барымталап алган учурлар кездешет, деп айтылат мамлекеттик департаменттин отчетунда.