Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Былтыр Белоруссияда, Арменияда жана Украинада адам укуктарынын абалы олуттуу начарлады


АКШнын мамлекеттик департаментинин докладында белорус өкмөтү өлкөнүн калкына баштагыдай эле бийлик органдарын кайра шайлоого укук бербей жатканы белгиленет. Сөз эркиндиги жана жыйын өткөрүү мүмкүндүгү чектелген, журналисттер такай камакка түшүп турат. Украинада полиция жана абак жайлардын администрациялары айыпкерлерди уруп-сабап, кыйнашат. Сот системасы коррупциялык жана саясий максаттарга пайдаланылат, бийликтер журналисттерди коркутуп-кодулашат. Арменияда айрым бир жылыштарга карабастан адам укуктары бузулууда. Шайлоо маалында мыйзамдар бурмаланды, коопсуздук күчтөрү жарандардын укуктарын урматтабайт, сөз эркиндиги чектелген абалда калган.

XS
SM
MD
LG