Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Иракта адам укуктары таптакыр урматталбайт


Бул тууралуу дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаментинин кезектеги докладында айтылат. Документте белгиленгендей, Ирактагы улуттук жана диний тайпалар такай куугунтукталат, коопсуздук кызматтары оппозиционерлерди токмоктоп, кызылдай кыйноого салат жана көзүн тазалап турат. Мындан тышкары отчетто Саддам Хусейндин режими эл аралык масштабда тынчтыкка жана стабилдүүлүккө коркунуч келтирип жатканы белгиленет. Мамлекеттик департамент ошондой эле түндүк Ирактагы эки чоң күрт партиясы да адам укуктарын бузуп жатат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG