Алар өлкөдөгү адам укуктарынын абалын жана гуманитардык жагдайды иликтеп чыгышы керек. Бүгүн Женевада ООНдун адам укуктары боюнча комиссиясындагы талкууларда ушундай чечим кабыл алынды. Жыйында Ирактагы кырдаалга байланыштуу доклад жарыя кылынды .ООНдун өкүлү Андреас Мавроматис Иракта өлүм жазасына мораторий жарыяланып,күрттөрдү жана мусулман шийиттерди кодулоо иштери токтотулууга тийиш деп эсептейт. Ирактын өкүлү Самир ал-Ним докладдын бир жактуу мүнөзүн сынга алып, анда коалициялык аскерлердин кыянатчылыктары жөнүндө сөз болгон эмес деп билдирди.