Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Коалициялык күчтөрдүн авиациясы Багдадды бомбалап жатат


Негизинен шаардын четиндеги коргонуу чептери, ошондой эле мамлекеттик жана аскерий обьекттер бутага алынууда. Америкалык деңиз жоокерлери Багдадга жакын Эд-Дивания шаарында ирак аскерлери менен бетме-бет келип,урушуп жатышат. Кербаладагы уруштардын маалында бир ирак генералы туткунга алынганы айтылууда. Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро коалициялык аскерлер Багдадга көздөй жакындап баратканын белгилеп, армиянын катарында жана жергиликтүү калк арасында жоготуулар болорун эскертти. Бейжазык тургундар арасындагы курмандыктарды Евросоюздун өкүлү согуштун эң трагедиялуу натыйжасы деп атады. Ирактын маалымат министри Мохаммед ал Сахаф бүгүнкү авиажапырыктарда бир канча киши набыт кетип,ондогону жарадар болгондугун билдирди. Бирок бул маалыматтын чын-төгүнү тактала элек.

XS
SM
MD
LG