Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Токиодон Филаделфияга учуп келген учак карантинге тургузулду


1- апрелде Токиодон Калифорниянын Сан Хосе аэробекетине учуп келген Америка аба жолдор компаниясынын учагы санитардык текшерүүгө же карантинге тургузулду.
Катаал чара эки жүргүнчү менен экипаждын эки мүчөсү өздөрүн Түштүк Чыгыш Азияда жайылган белгисиз жаңы илдетке чалдыккан адамдар сыяктуу сезгенин айтып арызданышкандан улам көрүлгөн.
Ырасмий билдирүүгө караганда, аларга дем алуу органдарын сайып орутчу “SARS” синдрому жуккан сыяктанат.
Учакта 125 жүргүнчүс жана экипаждын 14 мүчөсү бар болчу.
Коркунучтуу дартка соңку маалыматтар боюнча 1600дөн көп адам чалдыгып, андан кеминде 64 адам көз жумган.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG